Орозакунова Роза Турсуновнаg 5 RrUوBEMmbajH J 12YyjT73 mDs L 7t
Орозакунова Роза – биология илимдеринин кандидаты, доцент, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын доценти.
Мазмуну
- 1 Кыскача өмүр таржымакалы
- 2 Илимий ишмердиги:
- 3 Негизги илимий-методикалык эмгектери
- 4 Сыйлыктары. Наамдары
Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]
Орозакунова Роза – 1960 жылы Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында туулган. Улуту кыргыз.
- 1977 жылы Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы А.С.Пушкин атындагы орто мектепти аяктаган.
- 1985 жылы Алматы шаарындагы Казак айыл чарба институтунун топурак таануу жана агрохимия факультетин бүтүргөн.
- 1985-87-жж. Кыргыз жер долбоор институтунда инженер болуп иштеген.
- 1987-1991 жж. КР ИА Биология-Топурак таануу институтунда кичи илимий кызматкер болуп иштейт.
- 1991-94 жж. КР ИА күндүзгү окуу бөлүмүнүн аспиранты.
- 1994 жылдан баштап К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университеттин Агрономия жана Токой чарба факультетинин “Топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык” кафедрасында иштеп келет.
- 1998 ж. Биология илимдеринин кандидаты. Темасы: “ Кунгөй Ала-Тоосунун түштүк бетиндеги Чон-Аксуу суу бассейнинин тоо топурактарынын органикалык заттарынын биоэнергетикасы”.
- 2003 ж. Доцент наамын алган.
- 2010 жылдан бери Агрономия жана Токой чарба факультетинин окуу-методикалык комиссиясынын төрайымы.
Илимий ишмердиги:[оңдоо | булагын оңдоо]
Топурак таануу илимдер тармагындагы окумуштуу. Анын кызыкчылыгында топурактардын асылдуулугу, топурак экологиясы, топурактагы органикалык заттардын биоэнергетикасы, топурак микробиологиясы, органикалык биодыйканчылык жана био-жер семирткичтери кирет.
Негизги илимий-методикалык эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]
- Күнгөй Ала-Тоосунун түштүк бетиндеги тоо топурактарындагы органикалык калдыктардын трансформациясы. КР УИА, 1997.
- Гумустун жана анын фракциялык курамынын энергетикасы. КАА, 1999.
- Каратал-Жапырык бийик тоо жайлоолорунун мисалында тоо топурактарынын агроэкологиялык абалынын кээ бир көрсөткүчтөрү. Нарын, 2014.
- «Топурак таануу» сабагы боюнча практикалык иштерге методикалык көрсөтмө. Бишкек,2013.
- «Микробиология» сабагы боюнча лабораториялык - практикалык иштерге методикалык көрсөтмө. Бишкек,2016.
Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]
- 2012 жылы К.И.Скрябин атындагы КУАУ Ардак Грамотасы.
- 2013 жылы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Ардак Грамотасы.